Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 6-октябры УӨ № 136
Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автомобиль жолу долбоору боюнча "Курулушту көзөмөлдөө консультанты" гранттык
макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автомобиль жолу долбоору боюнча "Курулушту көзөмөлдөө консультанты" гранттык макулдашуусу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Гранттык макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте маалымдасын.
3-берене.
Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |