Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 6-октябры УӨ № 137
Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо долбоору
үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекет ичиндеги жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1-берене
Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-октябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо (улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3-берене
Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |