Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 7-октябры УӨ № 138
Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-октябрында кол коюлган, "Шашылыш жардам көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын
ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1. Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-октябрында кол коюлган, "Шашылыш жардам көрсөтүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашууну Кыргыз Республикасынын ратификациялагандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |