Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 7-октябры УӨ № 140
2010-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Немец Өнүктүрүү Банкынын (KFW) жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда кол коюлган Өзүнчө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2010-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Немец Өнүктүрүү Банкынын (KFW) жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда кол коюлган Өзүнчө Макулдашуу (мындан ары - Өзүнчө макулдашуу) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Германия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнө жана Немец Өнүктүрүү банкына (KFW) Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Өзүнчө Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |