КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 30-сентябряндагы УӨ № 131
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 33 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө» Декретин күчүн жоготту деп табуу тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 33 «Кыргыз Респубоикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө» Декрети күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондусунун каражаттарынын калдыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин резервтик фондуна которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү малекеттик администрация башчыларынын-облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын-облустардын губернаторлорунун резервтик фондусу боюнча чыгымдарды республикалык бюджеттен каралсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |