Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-апрели № 4/14
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кара-Тоо айылынын тургундарынын 28 -март 2013-жылдагы №8 токтомун бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Кара-Тоо айылынын тургундарынын элдик жыйындын 28-март 2013-жылдагы №8 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 28-март 2013-жылдагы №8 токтому бекитилсин.
2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:
1.Кош айдоо -1000 сом 20 -25-литр май
2.Себүү -350 сом 8 литр май,эки сепсе 400 сом 14 литр май
3.Планировка -200 сом 8 литр май
4.Тырмоо -200 сом 8-10-литр май
5.Арык тартуу - 200 сом 4 литр май (га)
6.Чөп чабуу - 1000 сом 10 литр май
7.Косилка - 800 сом майы ичинде
8.Комбайн -1000 сом 21 литр май
3. Малдарга болгон бааны бекитүү маселеси жөнүндө 2013-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуу акылары бекитилсин:
1.Уй,бука - 200 сом
2.Кой - 30 сом
3.Эчки -35 сом
4. Жаздоого көчүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми жайлоого көчүү-1-майдан кечиктирилбестен көчүрүлсүн. Убагында көчпөгөн жана эрте көчүп келген чабандарга 5000сомдон 10000 сомго чейинки айып салынсын. эгинге кирген малдын башына төмөндөгүдөй айыптар салынсын
1 баш кой-эчкиге-100 сом
1 баш тай-торпоко- 500 сом
1 баш уй-жылкыга-1000 сом
1 баш эшеке- 1000 сом
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М. Букамбаев |