Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22 майы №6
Үч күндүк окуулар үчүн чогултулган Кара – Суу райондук мамлекеттик администрациясынын өзүнчө резервдик ротасынын муктаждыктары үчүн акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу максатында
Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч күндүк окуулар үчүн чогултулган Кара-Суу райондук мамлекеттик
администрациясынын өзүнчө резервдик ротасынын муктаждыктары үчүн 42,879 миң, сом акча каражатын бөлүп берүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Э. Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
О. Айдаров |