Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27 марты №1
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Зикировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу 2013-жылдын 22-февралында чыгарылган Кыргыз Республикасынын №30 мыйзамынын негизинде айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жана жарыяланышына жол берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Зикировго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (А. Зикиров).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
О. Айдаров |