Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27 марты №3
Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2012-жылда аткарылышы жана 2013-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2011-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2013-жылга карата бюджети жөнүндө
«Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2012-жылда аткарылышы жана 2013-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2011-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2013-жылга карата бюджети жөнүндөгү маселелерди карап чыгып жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депуттатарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2011-жылдагы аткарылышы – 36110,2 миң сомго бекитилсин.
2. Отуз-Адыр айылдык округунун социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын 2012-жылда аткарылышы жана 2013-жылга карата божомолу көңүлгө алынсын.
3. 2013-жылга карата Отуз-адыр айыл өкмөтүнүн аймагында ишканалар, мекеме – уюмдардан түшүүчү киреше менчик түрүнө карабастан жергиликтүү бюджетке төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин (тиркеме тиркелет).
А) Салык кирешесинин жалпы суммасы – 5527,5 миң сом.
Б) Салык эмес кирешелер, аренда акы – 1220,0 миң сом.
В) Категориялдык грант – 37396,0 миң сом.
Г) Теңдөөчү грант – 1782,8 миң сом.
Бюджеттик кирешелердин жыйынтыгы – 45926,3 миң сом
Д) атайын каражат / балдар бакчасы – 630,0 миң сом.
Бардыгы: - 46556,3 миң сом
Бардык киреше – 46556,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Чыгашалар боюнча акча каражаты – 46556,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен:
1. Башкаруу аппаратына - 34- штат бирдиги бекитилсин.
Жалпы эмгек акы фонду – 2178,1 миң сом, анын ичинен
А) Башкаруу аппаратында кошумча жумушту аткарып жаткандыгына байланыштуу адистерге 30% кошумча акы – 56, 7 миң сом өлчөмүндө эмгек акы фондунун чегинде төлөнсүн.
Б) Муниципалдык иш стажы үчүн өткөн жылдарда төлөнбөй калган - 23,2 миң сом төлөнсүн.
Жогорудагы төлөмдөр, эмгек акы фондунун чегинде төлөнсүн.
С) Айыл башчылардын штат бирдигине – 7 штат бирдиги бекитилсин.
Д) Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмүнүн имаратын оңдоого – 25,0 миң сом бөлүнсүн.
2. Китепканага 1 штат бирдиги бекитилсин. Китепкана башчысынын эмгек акы фонду – 75,9 миң сом
3. Мадания үйү боюнча: – 1 штат. – Маданият үйүнүн директору,
1 штат - техничка
1 штат - күзөтчү.
Бардыгы - 3 штат бирдиги бекитилсин.
Эмгек акы фонду - 135,3 миң сом.
4. Балдар бакчасы боюнча атайын каражат эсебинен тарбияланып жаткан балдардын тамактануусуна – 630,0 миң сом бекитилсин.
5. Чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте эмгек акы фонду, соц.фондко төлөлөөр жана башка коргоого алынган статьялар (дары-дармек, тамак-аш жеңилдиктери) каржылансын.
6. Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2012-жылы жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын айрым бөлүктөрүнүн каржыланбай калган чыгымдары 2013- жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы сунушталсын.
7. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылга аткарылышын ар квартал сайын жыйынтыктап, айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын кеңешмесинде угуп туруу айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ташматов) тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
О. Айдаров |