Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-апрели №26/121
Кош-Дөбө айылдык округунун жалпы жамаатынын 2-апрель 2012-жылдагы №6 токтомун бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык округунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатык элдик жыйындын 2-апрель 2012-жылдагы №6 токтомун негизинде Депутаттардын Кош-Дөбө айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айылдык округунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатык элдик жыйындын 2-апрель 2012-жылдагы №6 токтому бекитилсин.
2. Айдоо-себүү, оруп-жыюуу мезгилин сапаттуу бүткөрүү 2012-жылга Элдик жалпы жамааттын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй баа (расценка) бекитет: трактористтерге:
1.Кош айдоо - 800 сом 20 литр май,3 тиш болту менен, тиш жок болсо1000 с
2.Себүү - 200 сом 7 литр май, эки сепсе 400 сом 14 литр май
3.Планировка - 200 сом 10 литр май
4.Тырмоо - 200 сом 10 литр май
5.Арык тартуу - 50 сом 5 литр май
6.Жатка - 900 сом 10 литр май
7.Косылка - 800 сом 10 литр май
8.Комбайн - 1000 сом 25 литр май
3. Малдарга болгон бааны бекитүү маселеси жөнүндө 2012-жылга Элдик жалпы жамааттын чечимине ылайык төмөндөгү баа бекитет: чабандарга:
1. Уй, бука - 200 сом
2. Кой - 25 сом
3. Эчки - 30 сом
(Жалпы жамаатын 2-апрель 2012-жылдагы №6 токтому тиркелет)
4. Ортоңку жайлоого көчүү 1-10-май, чоң жайлоого көчүү 1-10-июнь жана ортоңку жайлоого көчүп келүү 10-сентябрдан кийин деп белгиленсин. Убагында көчпөгөн жана эрте көчүп келген чабандарга 10000 сомдон эгинге кирген малга жана сарайда ашык кармалган малдын башына 500 содон айып салынсын.
5. Сугат сууларын бөлүштүрүүдө мураптар тарабынан көзөмөлдүк болбосо мурапка 500 сом, огородко уруксаатсыз суу жыгып алгандарга 1000 сом, үлүш жерге уруксаатсыз 5000 сомдон айып салынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айылдык округдун башчысы: Т. Абыкеевке тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
Б. Айталиев |
ЖИБЕРИЛСИН:- Иш кагазына, Айыл аймагына.