Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-апрели №26/120
Кош-Дөбө айылдык округун Ормон Хан айылдык округ кылып которуу жөнүндө
Кыргызга белгилүү тарыхый инсандардын бири Ниязбек уулу Ормон-Хандын ысымын Кош-Дөбө айылдык округдуна берүү жөнүндөгү Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатынын 16.04.2012-жылдагы №7, №8 токтомдорунун негизинде Депутаттардын Кош-Дөбө айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айылдык округун Ормон Хан айылдык округ кылып которуу жөнүндө Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатынын 16.04.2012-жылдагы № 7, №8 токтомдору бекитилсин.
(Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынын жалпы жамаатынын 16.04.2012-жылдагы № 7, №8 токтомдору тиркелет)
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айылдык округдун башчысы Т. Абыкеевге тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
Б. Айталиев |
ЖИБЕРИЛСИН:- Иш кагазына, Кыргыз Республикасынын жогорку Кеңешине