Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну №27/127
Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын ИСКАКБнын башчылыларынын айрым кызмат көрсөтүүлөргө кошумча акыларды чектөө жөнүндө
Элди таза суу менен камсыз кылууда Кара-Күңгөй жана Кара-Саз айылдарында ИСКАКБнын башчылары Мурсабаева Чынара жана Мамырбаев Ыймадиндердин маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Калкты санитардык эпидемиялык бейпилдиги” мыйзамына ылайык айылдардагы суу түтүктөрүндө ИСКАКБнын талаптарын аткаруу максатында Депутаттардын Кош-Дөбө айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Күңгөй жана Кара-Саз айылдарында ИСКАКБнин башчылары Мурсабаева Чынара жана Мамырбаев Ыймадиндердин сунуш пикирлери эске алынсын.
2. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын ИСКАКБнын кызмат көрсөтүүлөрүнө төмөндөгү акылар бекитилсин:-
1. Үйүнө суу киргизип алгандарга - 3000 сомдон
2. Үйүнө суу киргизгендердин ар бир жан башына- 20 сомдон
3. Колонкага шланги сайгандарга- 1000 сомдон, мал сугарганга-200 сомдон айып салынсын.
4. Там салгандарга суу киргизип алганга уруксаат берилсин. Колонкага насос пайдаланганга уруксаат жок.
3. Суу башаттары толук көзөмөлгө алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Күңгөй жана Кара-Саз айылдарында ИСКАКБнин башчылары Мурсабаева Чынарга жана Мамырбаев Ыймадинге милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
Б. Айталиев |
ЖИБЕРИЛСИН:- Иш кагазына, Мурсабаева Чынарга. жана Мамырбаев Ыймадинге