Редакцияот 29.06.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2012-жылдын 29-июну №27/130

Кош-Дөбө айылдык округунун 2012-жылга атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнө түзүлгөн сметаны бекитүү жөнүндө

Кош-Дөбө айылдык округунун ФЭБнүн башчысы С.Капаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттарды Кош-Дөбө айылдык округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош-Дөбө айылдык округунун 2012-жылга атайын каражаттын киреше бөлүгү 64,5 миң сом, чыгаша бөлүгү 64,5 миң сом болуп бекитилсин.(Тиркелет).

2. 2012-жыл үчүн түзүлгөн сметаны бекиттип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнөн суралсын.

3. Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин 2012-жылга карата атайын каражатка түзүлгон сметанын ар бир статьяларын мыйзамдын негизинде туура чыгымдалышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кош-Дөбө айылдык округунун башчысы Т.Абыкеевге жана отчетун берип туруу жагы финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы С. Капаровго милдеттендирилсин.

 

Депутаттардын Кош-Дөбө айыл

аймактык Кеңешинин төрагасы

 

Б. Айталиев

 

ЖИБЕРИЛСИН:- Иш кагазына,Рай.фин.бөлүмүнө, ФЭБнө