Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-декабры № 1
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Аскаровдун билдирүүсү жөнүндө
2012-жылдын 25-ноябрында Нарын шаардык Кеңешинин депутаттыгына болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Аскаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. 2012-жылдын 25-ноябрындагы Нарын шаардык Кеңешине 6 (алты) саясий партиялардан шайланган 31 депутаттын депутаттык ыйгарым укуктары анык деп табылсын. (тизме тиркелет.)
Сессиянын төрагасы | А. Абдыкадыров |
Каттоо№2013-10