ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2013-жылдын 19-февралы №3/3
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013- жылга пландалган тазалык жыйымдан жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31- беренесинин 4- бөлүмчөсүнө ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында жашаган калктын оокаты өтө начар, жалгыз бой кары-картандар тазалык жыйымынан бошотулсун.
2. 2013-жылга пландалган тазалык жыйымынан 1123 түтүндөн 122түтүнгө же болбосо 28075 сомдон 3050 сомго жеңилдиктер берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Керимкулов |