Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №4/7
Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2013-жылга каралган бюджети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамдын 8-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актлар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга каралган бюджети бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин 2013-жылга карата сунушталган Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн акысы
Уй-топос- бир баш үчүн 50сом.
Торпок-бир баш үчүн 35сом
Жылкы-бир баш үчүн 50сом.
Кой-эчки-бир баш үчүн 10сом өлчөмүндө бекитилсин.
Сырттан келген малга эки эсе жайыт налогу төлөнүлөрүү белгиленсин.
3. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участогтору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет жана салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Керимкулов |