Редакцияот 18.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2013-жылдын 18-апрели №4/9

Талаа-Булак айыл аймагынын “Мурок-Булак-Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылга карата бюджети жөнүндө

Талаа-Булак айыл аймагынын “Мурок-Булак-Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылга карата бюджети боюнча ИСКАКБнын төрагасы А.Алдакуловдун маалыматтарын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагынын “Мурок-Булак- Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылга карата бюджети бекитилсин.

2. “Мурок-Булак- Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылга карата сунушталган ичуучу сууга

Бир жанга-10 (он) сом.

Үйгө суу киргизүүгө-3000 (үч миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. ”Мурок-Булак- Датка” ИСКАКБсынын 2013-жылга бюджетин аткарылышы коомдук уюмдук төрагасына жана бухгалтерине тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркул уулу Барылканга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Керимкулов