Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/20
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагымбай атындагы орто мектептин үстүн жабуу үчүн пректисин кароо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагымбай атындагы орто мектепти үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү тууралу проектисин карап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36 –беренесине ылайык Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагымбай атындагы орто мектепти үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде мектептин үстүн жабып, терезелерин алмаштыруу жыйын өтүүчү залды ремонттон өткөрүү тууралу сметалык суммасы 1449,6 миң сомду түзгөн проектисин жактырып, проектисин карап Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагымбай атындагы орто мектепти үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде мектептин үстүн жабып, терезелерин алмаштыруу жыйын өтүүчү залды ремонттон өткөрүү боюнча 10 пайыздык өздүк салым сом менен 145,0 миң сом мунун ичинен 5 пайызы акчалай түрдө 72,5 миң сом кошуу жагы , ал эми 5 пайызы эмгек түрүндө 72,5 миң сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
3. өздүк салымды которуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |