Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/21
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасында турган административдик имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү тууралу проектисин карап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36 –беренесине ылайык Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы административдик имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү тууралу сметалык суммасы 3141,2 миң сомду түзгөн проектисин жактырып, проектисин карап Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы административдик имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү тбоюнча 10 пайыздык өздүк салым сом менен 314,1 миң сом мунун ичинен 5 пайызы акчалай түрдө 157,0 миң сом кошуу жагы , ал эми 5 пайызы эмгек түрүндө 157,0 миң сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
3. өздүк салымды которуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин: Иш кагазына Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө