Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-марты №3
Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2014-2015- жылдардын долбоорун бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2014-2015-жылдардын долбоору «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга Республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 213818,5 мин сом мунун ичинен жалпы жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше 65859,0 мин сом, категориалдык грант 147959,5 миң сом өлчөмүндө жана 2014-жылдын долбоору 219144,5 мин сомго, 2015-жылдын долбоору 226968,5 мин сомго бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет)
2. Чыгашалар бөлүгү боюнча 213818,5 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 164292.0 миң сом, саламаттыкты сактоого 70,0 мин сом, маданият тармагына 5165,5 мин сом, социалдык коргоо тармагына 4925.0 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 9841,0 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарба тармагында 23665,0 мин сом, коргоо тармагына 210,0 мин сом, коомдук тартипти сактоо тармагына 250,0 мин сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 5400,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. (№3,4 тиркемелер тиркелет)
3. Нарын шаардык билим берүү тармагына «Агахан» фондусу тарабынан жүргүзүп жаткан проектилерин колдоо максатында эмгек келишим менен кошумча штаттык бирдиктер жана Нарын шаарындагы №16 «Ыйман» бала бакчасынын алдында филиал болуп, мектеп лицей интернатына кошумча 2 тайпа ачылгандыгына байланыштуу ашпозчуга 0,5 штаттык бирдик тарификациянын негизинде акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жана шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин. (№ 5 тиркеме тиркелет)
4. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына жергиликтүү салыктарды чогултуу үчүн келишимдин негизинде 3 (үч) штаттык бирдикти кармоого 350,0 (үч жүз элүү миң) сом, Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздук кыймылын КӨЗӨМӨЛДӨӨ бөлүмүнө келишимдин негизинде 1(бир) штаттык бирдикти кармоого 250,0 (эки жүз элүү миң) сом, мындан сырткары Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына социалдык кызматкердин 1(бир) штаттык бирдиги каралсын жана эмгек акысы тарификациянын негизинде такталып , бул акча каражаттар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет финансы жана эклономика, ишмердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен шаардык финансы бөлүмү тарабынан бекитилсин.
6. Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен түшүүчү 2100,0 (эки миллион бир жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаменттин директорунун персоналдык милдети деп белгиленсин.(№6 тиркеме)
7. Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 52039 (элүү эки миллион отуз тогуз) миц сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык башкармалыгынын начальнигинин К.Насирдиновдун жекече жоопкерчилиги деп белгиленсин.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү бирдиктүү салык, ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык жана сатуудан түшүүчү салыктар боюнча планды аткаруудагы салык башкармалыгынын кайчы пикири эске алынсын. Жарым жылдын жана тогуз айдын жыйынтыгы менен жогорудагы салыктын түрлөрүнүн аткарылышы боюнча тактоолор жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын финансы министилиги менен жөнгө салуу ишин аткаруу шаардык салык башкармалыгына ( К.Насиридинов), шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
8. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан бюджеттин атайын каражатына түшүүчү 3000,0 (үч ) миллион сом акча каражаты толук чогултуу ишкананын директоруна (Б.Жакиев) милдеттендирилсин.
Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасында жана жашылдандыруу мекемесинде эмгектенген кызматкердин жана жумушчулардын айлык акылары түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде төлөнүп берилсин.Эмгек келишимдерин түзүү шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчиси Б.Жакиевге жана жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси А.Орозобаевге тапшырылсын.
9. 2013-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин социалдык фонддун карызын жабуу үчүн 120,0 ( жүз жыйырма )миц сом, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздук кыймылынын жаңы имаратына инвентарь алуу үчүн 30,0 (отуз миц) сом, Нарын шаарындагы иштебей турган жараксыз гидранттарды алмаштырууга 180,0 (жүз сексен) мин сом, Нарын шаардык «Таза-Нарын» ишканасына жолбун иттерди аттырууга кеткен карыздарды жабууга 107,0 (жүз жети ) мин сом, жабдыктарды жана эмеректерди алууга 225,0 (эки жүз жыйрма беш) миц сом, Э.Ибраев атындагы орто мектептин ремонт иштерине50,0 (элүү) миң сом Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тартып берилген көмүрдүн күйүүчү жана майлоочу майына 15,0 (он беш) мин сом, баардыгы 727,0 (жети жүз жыйырма жети) миц сом бөлүнүп берилсин.
10. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын 1 пайызга чейинки 1050,0 (бир миллион элүү)миң сом резервдик фонду түзүлсүн, мунун ичинен 400,0 (төрт жүз) миц сом Нарын шаардык Кецешине бекитилсин.
11. Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык башкармалыгы (К.Насирдинов), шаардык муниципиалдык менчик департамента , Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы (Б.Жакиев), Нарын регионалдык казына бөлүмү(Ж.Окенова) жана шаардын мекемелеринин жетекчилери тарабынан кыйшаюусуз аткаруу жагы милдеттендирилсин.
12. Нарын шаарынын 2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2014-2015 жылдардын план долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |
Каттоо №2013-5
Жөнөтүлсүн: иш кагазына, шаардык мэрияга, КРнын финансы министирлигине, финансы бөлүмүнө, салык башкармалыгына, Per казына бөлүмүнө, ММДге, билим берүү бөлүмүнө, «Таза-Нарын» ишканасына, жашылдандыруу мекемесине, ИИБге.