Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 22-январы ПУ N 41 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 10-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структуралык бөлүмдөрү жөнүндөгү жобону бекитүү тууралу» Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Эл аралыкстратегиялык изилдөөлөр институтунун ишинин натыйжалуулугунжогорулатуу жана өркүндөтүү максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 10-июлундагы №232 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынынструктуралык бөлүмдөрү жөнүндөгү жобону бекитүү тууралу» Указы мененбекитилген Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин секретариатыжөнүндө Жобонун 7-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысынын эки орунбасары болот, анын бирөө түздөн-түз секретариаттын ишин камсыз кылат,ага жүктөлгөн милдеттер менен фукнцияларды аткаруу үчүн жекече жоопберет. Экинчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтунун (МИСИ) ишин башкарат жанаанын директору болуп саналат. Коопсуздук кењешинин катчысынын орун басарлары КыргызРеспубликасынын Коопсуздук кењешинин катчысынын сунушу боюнча КыргызРеспубликасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жанабошотулат. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин секретариатынынкызматкерлери өз ишинде ушул Жобону жетекчиликке алат. 2. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев