Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-февралы № 3/3
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 4 главасына 32-беренесине жана Семиз-Бел айылдык Кеңешинин регламентинин 5 главасынын 1 пунктуна ылайык Семиз-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан төмөндөгү туруктуу комиссиялары
- Мандат, депутаттык иш, этика мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо, адамдын укуктарын коргоо боюнча
-Экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарбасы жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо боюнча
- Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, курулуш, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынан түзүлсүн
II. 1.Мандат,депутаттык иш,этика мыйзамдуулукту,коомдук тартипти сактоо,адамдын укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясы,төмөндөгү курамдагы депутаттардан бекитилсин.
- Ө.Алымжанов №4 Кара-Тоо шайлоо округу
- Б.Искенов №4 Кара-Тоо шайлоо округу
- Н.Жумабаев №2 Семиз-Бел шайлоо округу
2. Экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарбасы жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясы
- Б.Акишов №3 Чекилдек шайлоо округу
- Ж.Карагозиев №2 Семиз-Бел шайлоо округу
- Ж.Алыбаев №4 Кара-Тоо шайлоо округу
3. Маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо,курулуш,турак-жай,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы
Т.Исаев №4 Кара-Тоо шайлоо округу
А.Чаарчокуев №2 Семиз-Бел шайлоо округу
Т.Сеңирбаев №3 Чекилдек шайлоо округунан бекитилсин
III. а) Мандат, депутаттык иш, этика мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо, адамдын укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Ө. Алымжанов бекитилсин.
б) Экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарбасы жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Акишов Бурканбек бекитилсин.
в) Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, курулуш, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Исаев Талгар бекитилсин.
IV. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Семиз-Бел айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Букамбаев |