Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-февралы № 3/9
Семиз-Бел айыл аймагындагы ФПСтин жерлеринин келишимин аныктап, конкурс өтүүгө даярдык көрүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы ФПСтин 322 га суу баскан, 272 кайрак, насос менен сугарылуучу 606 га жер, 24 га көп жылдык чөп жана 10 га жери чабынды болуп баардыгы 1232 га жер бар.
2012-жылдын 1-ноябрында Семиз-Бел айыл аймагында ФПСтин 198 га жерин ижарага келишимдери бүткөндүгү жана 2013-жылы ФПСтин жерлерин ижарага берүү жөнүндө жер адис С. Сыдыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы
1. Арсы айылынан 59 га
2. Кара-Тоо айылынан 105 га
3. Чекилдек айылынан 29 га
4. Семиз-Бел айылынан –
Бардыгы 193 га
ФПСтин жери 2013-жылдын март айында белгиленген мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө тиешелүү кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын арендага берүү жана мурда арендага алып пайдаланган тараптардан аренда акысын өндүрүү жөнүндө 16.04.2012-жылдагы № 58б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 01.10.2013-жылдагы № 142б буйругун жана Семиз-Бел айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын 12.02.2013-жылдагы № 3/2 токтомун 4- пунктуна ылайык
1. Арсы айылынан 14 га
2. Кара-Тоо айылынан 57 га
3. Чекилдек айылынан 86 га
4. Семиз-Бел айылынан 60 га
Асыл тукум кой өстүрүү заводуна тиешелүү болгон бардыгы 217 га жер аянты белгиленген мөөнөткө ижарага берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер комиссиясына милдеттендирилсин.
Семиз-Бел айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Букамбаев |