Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-апрели № 4/12
2013-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы,айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 4-берененесинин негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт жерлерин дегредациядан сактоо максатында Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы А.Алжанбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
1) кой-эчки башына-12 сом 2) уй башына-57 сом
3) жылкы башына -57 сом 4) эшек башына -57 сом
2. 2013-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
1) кой-эчки башына-30 сом 2) үй башына-150 сом
3) жылкы башына -150 сом 4) эшек башына -150 сом
3. 2013-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулары (туризм багытында) ар бир боз үйгө 2500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы А.Алжанбаевага милдеттендирилсин.
Семиз-Бел айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Букамбаев |