Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-майы № 3/1
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаз, жай, күз айларында ички тартип эрежелерин сактоо жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагында жайыт аянттары жайгашкан жана анын жанындагы айыл жашоочуларынын жеке менчиктеги үлүш жерлери, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери менен чектеш. Жыл сайын жаз айларында айыл тургундарына Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерин жаз, жай, күз айларындагы жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча алыскы жайыттарга көчүү тууралуу эскертүүлөр берилип келүүдө. Бирок айрым айыл тургундарынын мыйзамды аткарбоосунан айыл чегинде жайгашкан жайыт аянттарды үзгүлтүксүз пайдаланып, табигый кайра өзүн-өзү толтуруп, өсүү процестери бузулуп жер деградацияланып, түшүмдүүлүгү начарлоого алынып келүүдө жана айыл жашоочуларынын, КБФнын жер аянттарына мал кирүүнүн кесепетинен дыйкандарга түшүмүн албай калуу коркунучун туудуруп келүүдө. Күзүндө малды эрте айдап келүүнүн кесепетинен мал элдин жерин тепселеп, түшүмүн жыйноого тоскоолдук кылып дыйкандарды зыянга учуратууда. Жогорудагылардын негизинде Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чегинде жайгашкан жайытка мал менен көчүү 1-майга чейин, жайлоого көчүү 1-июнга чейин, жайлоодон көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөттөрү белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл аймагынын айылдарында 1-майдан баштап бада уюштурулсун. Бадага субай мал алып калууга тыюу салынсын.
3. Айыл чегинде жайгашкан жайыттагы сарай ээлерине 1 ат, 2 уйдан мал алып калууга уруксат берилсин.
4. Жайыттарды пайдалануу боюнча планда бекитилген жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1-пунктуна ылайык жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына – бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин.
5. Айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыт эрежелерин бузуп айыл чегиндеги жана алыскы жайыттарды уруксатсыз пайдалангандарга КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 186-беренесинин 1-пунктуна ылайык жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына – ондон он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин.
6. Бада кезеги келгенде адамдар – иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттарынын негизинде түзүлгөн корук эрежелерин бузуп, бадага алып чыгуу мөөнөтүн бузуу менен дыйкандардын жерлерине элдин малын кароосуз калтырып, киргизип жиберсеже болбосо мал ээлери малын кароосуз калтыруу менен айдоо аянттарга зыян келтирсе КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин.
7. Малын кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе, келтирилген зыяндын орду мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин.
8. Жогорудагы айыптарды салуу КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 509-беренесине ылайык Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Администрациялык комиссиядан суралсын.
9. Тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Н.Алакуновго жана жайыт комитетинин төрагасы И.Исмаиловго милдеттендирилсин.
10. Токтомду мамлекеттик кароодон өткөрүү үчүн Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин. Каттоодон өткөрүү тууралуу атайын кат жөнөтүү Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Касейиновго милдеттендирилсин.
11. Токтом каттоодон өткөрүү үчүн массалык-маалымат каражаттарында жарыялансын жана Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маалымат тактасына илинсин.
Талды-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Молоев |