Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 5/1
Кара-Суу айыл аймагынын Ак-Талаа айылындагы айылдык клубду толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп чатырын жаап бүткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Ак-Талаа айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасында турган айылдык клубду республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп чатырын жабуу тууралуу проектисин карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Ак-Талаа айылындагы айылдык клубду республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп чатырын жабуу тууралуу жалпы суммасы 3 164 160 сомду түзгөн проектиси жактырылып, 2013-жылга карата кароо жагы бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Ак-Талаа айылындагы айылдык клубду республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп чатырын жабуу боюнча 10 % өздүк салым баары 316400 сом, мунун ичинен 5 % нак акчалай түрүндө 158,2 миң сом кошуу жагы, ал эми 5% эмгек түрүндө 158,2 миң сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
3. Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кара-Суу айыл аймагында Ак-Талаа айылынан Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Токтоналиев Эрнакка милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев |