Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 5/2
Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн администрациялык имаратын толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынынын Мантыш айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасында турган администрациялык имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу проектисин карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасьшын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Мантыш айылындагы администрациялык имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу жалпы суммасы 3 327 680 сомду түзгөн проектиси жактырылып, 2013-жылга карата кароо жагы бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Мантыш айылындагы айыл өкмөтүнүн админисрациялык имаратын республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 10 % өздүк салым баары 327 680 сом, мунун ичинен 5 % нак акчалай түрүндө 166 384 сом кошуу жагы, ал эми 5% эмгек түрүндө 166 384 сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
3. Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кара-Суу айыл аймагындагы Мантыш айылынан Кара-Суу айыл аймагыньш айылдык Кеңешинин депутаты Жумабеков Арсенге милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев |