Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 5/3
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылындагы Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектепке кошумча окуу корпусун куруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагыныньш Кара-Мойнок айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасында турган Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектепке республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде кошумча окуу корпусун куруу тууралуу проектисин карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Зб-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Кара-Мойнок айылындагы Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектепке республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде кошумча окуу корпусун куруу тууралуу жалпы суммасы 3 257 900 сомду түзгөн проектиси жактырылып, 2013-жьшга карата кароо жагы бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Кара-Мойнок айылындагы Абылгазы уулу Ишеналы атындагы орто мектепке республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде кошумча окуу корпусун куруу боюнча 10 % өздүк салым баары 325790 сом, мунун ичинен 5 % нак акчалай түрүндө 162 900 сом кошуу жагы, ал эми 5% эмгек түрүндө 162 900 сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
З. Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кара-Суу айьш аймагындагы Кара-Мойнок айылынан Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты мектеп директору Күлүкан Эшбаевага милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев |