Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 1-апрели № 5/4
Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы А.Жалпетеков атындагы орто мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынынын Орток айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасында турган А.Жалпетеков атындагы орто мектепти республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу проектисин карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Зб-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Орток айылындагы А.Жалпетеков атындагы орто мектепти республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу жалпы суммасы 2 868 900сомду түзгөн проектиси жактырылып, 2013-жылга карата кароо жагы бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Орток айылындагы А.Жалпетеков атындагы орто мектепти республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 10 % өздүк салым баары 286900 сом, мунун ичинен 5 % нак акчалай түрүндө 143 400 сом кошуу жагы, ал эми 5% эмгек түрүндө 143 400 сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
З. Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кара-Суу айыл аймагындагы Орток айылындагы А.Жалпетеков атындагы орто мектептин мугалими Аруунов Эрланга милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев |