Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2013-жылдын 1-апрели № 5/5
Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылындагы “Орток-Шамы” бала-бакчасы жайгашкан имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынынын Орток айылындагы айыл өкмөтүнүн балансасында турган “Орток-Шамы” бала-бакчасы жайгашкан имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу проектисин карап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасьшын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган Орток айылындагы “Орток-Шамы” бала-бакчасы жайгашкан имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу Жалпы суммасы 1300000 сомду түзгөн проектиси жактырылып, 2013-жылга карата кароо жагы бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган Орток айылындагы “Орток-Шамы” бала-бакчасы жайгашкан имаратты республикалык дем берүүчү үлүштүк гранттын негизинде толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү өткөрүү боюнча 10 % өздүк салым баары 130000 сом, мунун ичинен 5 % нак акчалай түрүндө 65000 сом кошуу жагы, ал эми 5% эмгек түрүндө 65000 сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
3. Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кара-Суу айыл аймагындагы Орток айылынан Кара-Суу айыл аймагыньш айылдык Кеңешинин депутаты Ашкеев Мирланга милдеттендирилсин
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев |