Редакцияот 07.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2013-жылдын 7-июну № 7/1

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга аткарган иштерин талкуулап, 2013-жылда мал ээлеринен алынуучу жайыт акыларын жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынынын пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р. Салбаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын

2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынан жайыт акысы Кочкор райондук өнүктүрүү башкармалыгынын 18.02.2013-жылдагы №15 катын эске алуу менен төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

-Ири мүйүзүү малга ар бир башка 30 (отуз) сомдон

-Жылкыга ар бир башка 30 (отуз) сомдонан

-Койго ар бир башка 6 (алты)сомдон

-Эчкиге ар бир башка 6 (алты) сомдон

3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга бюджети төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

Киреше бөлүгү:

Уй: Тубар уй-2481х30=74430

Бука - 200 30=6000

Кунаажын, торпок, музоо-1286 ,7=90030=27000

Жылкы: Тубар бээ- 1401 30=42030

Ат,айгыр- 877 30=26310

Кунан, байтал, кулун- 1609 0,7=1126 30=23780

Кой, эчки: Тубары- 15170 6=91020

Кочкор – 1217 6=7302

Токту, борук – 6229 0,7=1246 6=7476

БААРЫ: 305348 сом

Чыгаша бөлүгү:

Айлык акылар – 75000

Соц фонд 17,25 -12937

Ар кандай ремонт иштерине -29551

Транспорт чыгым-10000

Сапарлык чыгым -6000

Концелярдык чыгым -4000

Резерв фонд- 15000

БААРЫ - 216448 сом

 

 

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айрым малчы чабандар Жумгал районунун жайлоосуна жайлагандыктан жайыт акы 88900 сомго азаят

3. Жумгал районуна тиешелүү жайлоолорго чыккан Кара-Суу айыл өкмөтүнүн малчы чабандары менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы чыр маселелерди чечип берүү жагы Кочкор райондук өнүктүрүү башкармалыгынан суралсын

4. Бул токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине тапшырылсын.

 

Кара-Суу айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Курткаев