Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-сентябры № 19/6
Байгөнчөк айылында кенже курактагы балдар бакчасын ачуу жана анын жетекчисин дайындоо
Сессиянын жүрүшүндөгү айтылган сын-сунуштарды угуп жана талкуулап, Үгүт айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байгөнчөк айылына балдар бакчасы ачылсын. Бакча «Байгөнчөк келечеги» бакчасы болуп аталсын.
2. Үгүт айыл округунун Байгөнчөк айылында ачылган балдарды мектепке даярдоо үчүн «Мектепке чейинки билим берүү Мыйзамына» ылайык «Байгөнчөк келечеги» бакчасынын Уставы каттоодон өткөрүлсүн.
3. Байгөнчөк айылында балдар бакчасына Байгөнчөк айылынын Садык кызы Курманбүбү көчөсүнүн № 13 дарегинде жайгашкан имараттын 3 (үч) бөлмөсү бөлүнүп берилсин.
4. Жетекчисине Байгөнчөк айылынын Т.Оторов атындагы орто мектебинин мугалими Наматбекова Гүлүкан Татиевна дайындалсын.
5. Балдар бакчасын юридикалык каттоодон өткөрүү жагы Г.Наматбековага милдеттендирилсин.
6. Бала бакчага тиешелүү штаттык расписаниесин аныктоо жана бюджеттик сметаны бекиттирүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы С.Сакыбаевага милдеттендирилсин.
Үгүт айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Карыпбаев |