Загрузка документа…
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы № 21
Үгүт айылына салына турган мечиттин ордун аныктоо, мал сатууга жана башкага берилүүчү справкалардан алына турган төлөмдөрдүн акысы боюнча
Сессия күн тартибиндеги маселелерди угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылындагы М.Мойдиев көчөсүнүн № 14а адреси боюнча мечит салууга бөлүнүп берилсин.
2. Мал сатууга берилүүчү справкалардан алынуучу төлөмдөрдүн акысы 5-00 сом–майда жандык үчүн, 10-00 сом бодо мал үчүн, калган справкалардан алынуучу төлөмдөрдүн акысы 5-00 сом болуп бекитилсин. Ал эми жеңилдиктер каралган жарандарга справкалар акысыз берилсин.
Үгүт айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Карыпбаев |