Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12- марты № 2
Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)
2. Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын буйруктары менен берилген 998,3 миң сом акча каражаты бекитилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет)
3. Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашык түшкөн акча каражаттары Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин буйругунун негизинде берилген 988.7 миң сом акча каражаты бекитилсин. (№ 3 тиркеме тиркелет)
4. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетине муниципалдык менчиктин жерин сатуудан тушкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин. (№4 тиркеме тиркелет)
5. Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |