Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12- марты № 5/1
Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын тургуну А.Сапарбаев «Нарын курулуш» ЖЧКга тиешелүү иштетилбей турган магазиндин 1060,0 чарчы метр жер аянтын Ц-2 зонасынан Ж-2 зонасына которуп берүү өтүнүч каты менен 18.02.2013-жылы кайрылган.Бул жер аянты боюнча Нарын аймактык жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан «Нарын курулуш» ЖЧКга укук күбөлөндүрүүчү №395037 номерлүү мамлекеттик актылары берилген.
«Нарын курулуш» ЖЧКга 08.02.2013-жылы чогулуш өтүп, бүгүнкү күндө жер налогун төлөө кыйынга тургандыгын белгилөө менен Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында карап, бул жер аянтын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизип берүү жагын белгилөө менен чогулуштун токтомун кабыл алышкан.
«Нарын курулуш» ЖЧКга тиешелүү иштетилбей турган магазиндин 1060,0 чарчы метр жер аянтын Ц-2 зонасынан Ж-2 зонасына которуу үчүн Нарын шаардык архитектура башкармалыгы 14.02.2013-жылы №0-03/20, Нарын райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгы14.02.2013-жылы №19 бүтүмдөрүн Нарын шаардык Кеңешине сунушташкан.
Нарын шаардык Кеңешинин Нарын шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун жана архитектура, жерге жайгаштыруу башкармалыктарынын бүтүмдөрүнүн негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, Нарын шаарынын «Городок» аймагында жайгашкан «Нарын курулуш» ЖЧКга таандык 1060,0 чарчы метр жер аянты сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Ц-2 - зона центра обслуживания и коммерческой активности местного значения зонасынан Ж-2 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки) зонасына которулсун.
«Нарын курулуш» ЖЧКга тиешелүү жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (Рахатбек уулу Эркин), Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Акматов) милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри А.Сурановго тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |