Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 1
Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге ишенбестик билдирүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 11 депутатынан демилгелүү топтун сунушу жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин 11 депутатынан турган демилгелүү топ Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин мыйзамсыз иштерин көрсөтүү менен ага карата ишенбестик билдирүү сунушун Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы V сессиясынын күн тартибине киргизүү сунушу менен кайрылышып, демилгелүү топтун сунушу шаардык Кеңештин депутаттарынын добушуна коюлуп, сунуш шаардык Кеңештин сессияга катышып жаткан 16 депутатынын добуш берүүсү менен күн тартибине киргизилген. Демилгелүү топтун депутаттарынын атынан «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты А.Молдосалиев билдирүү жазап, билдирүүсүндө Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин ар кыл мыйзамсыз иштерин баса белгилеп сессияга катышкан депутаттардын атынан Кыргыз Респуликасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу Өкүлүнө демилгелүү топтун күн тартибине киргизген сунушундагы маселелерди көрсөтүү менен Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевди жоопкерчилигин карап, ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча Кайрылуу жөнөтүүнү сунуштады.
Нарын шаардык Кеңешинин сессиясынын күн тартибине киргизилген Нарын шаардык Кеңешинин 11 депутатынан турган демилгелүү топтун сунушун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Нарын шаардык Кеңешинин 11 депутатынан турган демилгелүү топтун сунушунун негизинде Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин Мыйзамсыз иштерин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлүнө Нарын шаардык Кеңешинин 18 депутатынын атынан Кайрылуу жиберилсин.
Төрага | Э.Турсуналиев |