Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 2
Нарын шаарындагы куткаруу кызматынын аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө
Нарын шаардык Куткаруу кызматы 2006-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын облустук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн алдында түзүлгөн. Шаардык куткаруу кызматынын аткара турган иши жөнүндөгү Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.11.2005-жылдагы Токтомунун негизинде жана өзгөчө кырдаалдар министирлигинин 13.05.2006-жылдагы №461 буйругу менен бекитилген.
Нарын шаардык куткаруу кызматында 13 адам эмгектенет. Алар, 1 офицер кызматтын башчысы, 2 прапорңик тайпа башчылары жана 10 куткаруучу.Куткаруучулар атайын мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборуна барып жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көргөзүү, ар кандай авто кырсыктарына кабылган жарандарга автоунаанын шаймандары менен иштөө, суудан куткаруу-издөө иштерин жүргүзүүдө билимдерин жогорулатып куткаруучу, суучул статустарына ээ болуп келишкен.
Шаардык куткаруу кызматы 2012-жылы 157 ирээт кайрылууларга чыгышып, калкка кызмат көрсөтүшкөн. Алсак, 25 жолу транспорттук жол кырсыктарына кабылган жабырлануучуларга ар кандай жардамдар көрсөтүлгөн, 8 ирээт жансыз денелерди коопту аймактардан, Нарын дарыясынан жана көлмөлөрдөн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин өтүнүчү жана каза болгондордун жакындарынын өтүнүчү менен алып чыгуулар болгон.1 ирээт Таш-Кыя тоосунан учуп кеткен адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилсе, 26 жолу бекилип калган үй эшиктерин ачып беришкен.2011-2012-жылдардын кыш айларындагы оор жааган кардын кесепетинен шаардын РТС аймагында коктуларда жайгашкан турак үйлөргө жаз айларында каналдардагы суунун көлөмүнүн кескин көбөйүп, турак үйлөргө коркунуч келтирген учурларда куткаруу кызматынын куткаруучулары 38 ирээт атайын жолугушууларга чыгышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жардамдарды көрсөтүшкөн. 5 ирээт өрт кырсыктарына катышып, шаардык өрткө каршы кызматы менен биргеликте ар кандай жардамдар көрсөтүлгөн.1 ирээт электр тогуна тартылып каза болгон адамга жардам көрсөтүлүп, 17 ирээт штаттан сырткары чыгуулар болуп, калкка ар кандай жардамдар көрсөтүлгөн. Мындан сырткары куткаруу кызматы телефон аркылуу жарандарга консультация беришип, жарандык коргонуу күнүнө карата, бекитилген планга ылайык мектептерде машыгуулар, практикалык окуулар жана куткаруучулар өзүлөрү нөөмөт учурунда ар кандай окуу, машыгуу иштерин өткөрүшөт.
Нарын шаардык мэриясы жана шаардык куткаруу кызматынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 2012-жылы куткаруу кызматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 140,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, ал каражаттын 70,0 миң сому күйүүчү майга, 25,0 миң сому авто унаага запастык тетиктерге, 22,0 миң сому компьютер сатып алууга, 4,0миң сому канцелярдык товарларга, 19,0миң сому куткаруу кызматынын күнүмдүк керектөөлөрүнө жумшалган.
Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары шаардык куткаруу кызматынын ишин жеринде барып көргөн мезгилде аткарылып жаткан иштер менен катар бир катар көйгөйлүү маселелерге күбө болушкан. Алсак, аталган кызматта иштеген жарандар үчүн куткаруу иштерин жүргүзүүдө үйлөтмө кайык, суу костюмдары, куткаруучу жилеттер жетпейт. Куткаруучулар өз өмүрлөрүн тобокелге салуу менен куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары жарандарды жарандык коргонуу боюнча окутуп үйрөтүүдө видео материалдар видео каражаттары жетишсиз.
Нарын шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Нарын шаарынын аймагынан сырткары Нарын районунун аймагына да куткаруу иштерине жардам көрсөтүп келишет.
Нарын шаардык куткаруу кызматындагы аткарылып жаткан иштер боюнча туруктуу комиссиянын депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык куткаруу кызматынын жалпы аткарып жаткан иштери боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Нарын шаардык куткаруу кызматына куткаруу иштерин жүргүзүүдө эң керектүү болгон жабдыктар үйлөтмө кайык, суу костюмдары, куткаруучу жилеттер жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу жагы шаардык мэрия ( Б.Жээналиев ) тапшырылсын.
3. Нарын шаарынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан Нарын шаарынан сырткары облустун башка райондоруна ар кандай куткаруу иштерине жардам көрсөтүүлөр болуп жаткандыгына байланыштуу облустун башка райондорунун жетекчилигинен кызматтын ишине керектүү жабдыктарга акча каражатын сурап кайрылуу Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Шонкоевге, Нарын шаардык жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Д.Абдраевге милдеттендирилсин.
4. Нарын шаардык куткаруу кызматынын башчысы Т.Асангазиевге куткаруу кызматынын мындан аркы иштерин жаңыча ыкмалар менен чыңдоо, жаңы жабдыктар менен камсыз кылуу жана куткаруу кызматына келип түшкөн иш кагаздарын өз убагында каттоого алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |