Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 3
Нарын шаарынын орто мектептериндеги билим берүүнүн сапатын, окуу тарбия иштеринин абалын жакшыртууда жана жалпы мектептин материалдык – техникалык базасын чыңдоодо мектеп директорлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин 2013-жылга карата бекитилген иш планына ылайык шаардык Кеңештин алдындагы Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы шаардагы орто мектептердин учурдагы жалпы абалын, жетишкендиктерин, билим сапатын жана көйгөйлүү маселелерин жеринде барып көрүшкөн. Нарын шаарында 2012-2013-окуу жылында жалпы окуучулардын саны 7179 окуучу.Ал эми шаардагы 8 орто мектепте окуучуларга билим тарбия берүүдө 542 мугалим эмгектенсе, алардын ичинен 506 мугалим жогорку, 4 бүтпөгөн жогорку, 32 атайын орто билимдүүлөр.Окуучуларга билим тарбия берип жаткан мугалимдердин ичинен 3 мугалим Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери, 240 мугалим «Билим берүүнүн отличниктери».
№2 В.П.Чкалов орто мектебинде 2012-2013-окуу жылына карата 1396 окуучу билим тарбия алууда.Мектепте эмгектенген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча Бишкек шаарындагы Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян Университети менен биргеликте иш алып барышууда.Мындан сырткары Германия мамлекети менен биргеликте колдоого алынган атайын долбоордун алкагында мектеп окуучулары Германия мамлекетине барып келишкен. Былтыркы жылга салыштырмалуу мектепте облустук, республикалык олимпиадаларга катышуулардын жыйынтыгы төмөндөп кеткен.Мектептеги бүгүнкү күндө интернет класстарын ачууга муктаж.
№10 Ж.Чолпонбаев орто мектебинде 2012-2013-окуу жылына карата 643 окуучу билим- тарбия алууда. Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча өткөрүлгөн облустук олимпиадада 1 окуучу 2-орунду, 1 окуучу 3-орунду камсыз кылышкан.Мектептин жалпы абалын алган учурда, аталган мектеп атайын типтүү долбоор менен салынбагандын натыйжасында көптөгөн көйгөйлөр бар. Алсак, спорт зал жок, мектептин айланасы толугу менен тосулууга муктаж. Жылуулук системасы жакшы берилбегендиктен айрым класстар ным жыттанып, балдардын ден-соолугуна кооптуу. Мектепте компьютерлер жетишсиз.
№4 Э.Ибраев орто мектебинде быйылкы окуу жылында708 окуучу билим тарбия алууда. Шаарыбыздагы жалпы орто мектептерге салыштырмалуу ички жасалгасы жакшы абалда.Мектептин китепканасы баардык шарты менен окуучуларга ыңгайлуу. Мектеп бүгүнкү күндө интернет классын ачууга муктаж. Кыргыз эл акыны Э.Ибраевдин өмүрү, чыгармачылыгына арналган дубал газеталар, сүрөт көргөзмөсү, класстык сааттар, спорттун түрлөрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүүдө. Олимпиадага катышуулардын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч төмөндөп кеткен.
№7 Матен Сыдыков атындагы орто мектеп боюнча мектепте толук жабдуусу менен интернет классы ачылган. Мугалимдер жана окуучулар интернетти колдонуп иштөөнүн натыйжасында ар кандай долбоорлордун алкагында чет мамлекеттерге барып билимдерин жогорулатып окуп келишүүдө. Кыргыз тили жана адабияты предметтери , «Манас таануу» боюнча олимпиадага катышып аталган мектептин 9-10-класстарынын 3 окуучусу алдыңкы үч орунду камсыз кылышкан. Башталгыч класстын окуучуларына берилип жаткан 10 сомдук ысык тамактын ичинен жумасына 2 жолу балдарга каша берилип турат. Мектептин жалпы базасы жакшы. Көйгөйлүү маселелердин бири болуп бүгүнкү күндө мектепке кыш айларында мектептин чатырчасында кар тоскуч болбогондуктан, чатырчадан түшкөн кар балдарга коркунуч алып келүүдө.
№1 Т.Сатылганов орто мектеби боюнча окуу жылында 719 окуучу билим тарбия алууда. Мектепте мурунку жылдардан бери чечилбей келе жаткан актовый залдын жылытуу системасы ишке киргизилген. Мектептин суу түтүкчөсүнө суу өлчөгүч (водомер) койдурулган, бирок шаардык суу канал ишканасы менен түшүнбөстүктөр болуп жаткандыгын билдиришкен. Бүгүнкү күндө «МегаБилим» долбооруна жазылган 5000 доллар өлчөмүндөгү жазган проектиси колдоого алынып, жаңы муундагы компьютерлердин келиши күтүлүүдө. Мектеп толук музыкалык аппаратурага муктаж. Шаардык мэрия тарабынан өткөрүүлүчү салтанаттуу майрамдарга мектептин отургучтарын алып кетишип, кайра сынык абалда алып келишээрин билдиришкен. Мындан сырткары мектептин ашканасынын жарымы №87 лицейге берилгендиктен, МЕРСИКО Эл аралык уюмунун долбооруна кирбей калган. Олимпиадага катышуулардын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч төмөндөп кеткен.
№8 Арстанбек Буйлаш уулу орто мектебинин жалпы базасы жакшы. Мектепте баланын саны быйлкы окуу жылына карата 1605 окуучу.2012-2013-жылында облустук предметтик олимпиядада аталган мектептин окуучулары алдыңкы орундарды камсыз кылышып, жыйынтыгында англис тили боюнча Республикалык олимпиядада 11-класстын 1 окуучусу 1-орунду, тарых сабагы боюнча10-класстын 1 окуучусу 2-орунду камсыз кылышкан. Бул мектептин тарых сабагынын мугалими Үмөтова Кымбат Бишкек шаарында өткөн жалпы Республикалык «Сапаттык билим» улутттук программасынын негизинде семинардан өтүп «Улуттук тренер» наамына ээ болгон. Учурда облусубуздун баардык мектептеринде окутуунун билим сапатын жогорулатуу боюнча семинар-кеңешмелерди өтүп келүүдө. Башталгыч класстын окуучуларына берилип жаткан 10 сомдук ысык тамактын ичинен жумасына 2 жолу балдарга каша берилип турат. Жалпы шаар боюнча аталган мектептин окуучулары шаардык, облустук, республикалык деңгээлде өтүп жаткан олимпиадалардын жыйынтыгында алдыңкы орунда турат.
№9 А.Садыков орто мектеби ГТЦ, «Сорос» фонду, «Кызыл жарым ай коому» сыяктуу эл аралык билим берүү проектилери менен мектеп мугалимдери иш алып барууда. «Мега Билим» долбоорунун жеңүүчүсү болуп, мектеп жаңы муундагы компьтерлер менен камсыз болгон. Кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча өткөрүлгөн облустук олимпиадада 11-класстын 1 окуучусу 1-орунду камсыз кылган.Мектептеги көйгөйлүү маселелер спорт зал жок болгондугуна байланыштуу балдар дене-тарбия сабагын кыш айларында да сыртта өтүшөт. Башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү үчүн атайын ашкана жок болгондугуна байланыштуу, класс кабинеттерин ашкана катары колдонууга аргасыз, актовый зал жок, орус класстар үчүн китептер жетишпейт.
№5 К.Жакыпов орто мектебинде 900 орундуу орто мектепте бүгүнкү күндө 450 бала окуйт. Балдардын саны аз. №8 Арстанбек Буйлаш уулу орто мектеби ачылгандан бери баланын саны азайып кеткен.ЮСАИД фонду тарабынан долбоор колдоого алынып мектептин сырткы ремонту жана эшик терезелери жаңыртылганы болбосо, мектептин ички жасалгасы начар.Мектепте азыркы заманбап талаптарга ылайык жаңылануулар болгон эмес. Башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүүчү ашкананын абалы талапка жооп бербейт. Облустук «Манас таануу» боюнча олимпиадада 10 -класстын 1 окуучусу 1-орунга ээ болгон. Предметтик сабактар боюнча олимпиаданын жыйынтыгы төмөн.
Жогорудагы Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин жетишкендиктери, көйгөйлүү маселелери боюнча шаардык Кеңештин алдындагы Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын орто мектептериндеги билим берүүнүн сапатын, окуу тарбия иштеринин абалын жакшыртууда жана жалпы мектептин материалдык -техникалык базасын чыңдоодо мектеп директорлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө туруктуу комиссиянын билдирүүсү эске алынсын.
2. 2012-2013- окуу жылында шаардагы орто мектептерде предметтик сабактардан олимпиядага катышуулардын жыйынтыгы төмөндөп кеткендигин белгилөө менен шаардык мэрия (С.Эсенаманова), шаардык билим берүү бөлүмү (У.Турсунов) жана мектеп директорлору тарабынан мугалимдердин, окуучулардын билимин жогорулатуу, предметтик сабактар боюнча олимпиадага катышуунун көрсөткүчүн көтөрүүгө карата, заманбап окутуунун методикаларын колдонуу менен алгылыктуу иш аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
3. Нарын шаарындагы №1 Т. Сатылганов орто мектебинин ашканасын мектептин өздүк балансасына алып берүүгө, №10 Ж.Чолпонбаев орто мектебинин жылуулук системасын жакшыртууга карата, мектептин айланасын тосууга, спорт зал салдырууга , №9 А.Садыков орто мектебине ашкана, актовый зал, спорт зал курдурууга жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен Нарын шаардык мэриясы (Б.Жээналиев), (С.Эсенаманова) , шаардык билим берүү бөлүмү (У.Турсунов) жана мектеп директорлору инвестиция тартуу, Эл аралык уюмдарга долбоор жазуу менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Нарын шаарындагы К.Жакыпов орто мектебине 2013-2014- окуу жылына карата мектепке балдарды тартуу, мектептин деңгээлин жогорулатуу, ички жасалгасын жакшыртуу, компьютердик класстарды ачуу, мектептин ички инвентарларын жаңыртуу, окуутунун жаңы түрлөрүн колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча Нарын шаардык мэриясынын вице -мэри С.Эсенаманова шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Турсунов жана мектеп директору А.Жанбоев тарабынан жетиштүү аракеттер жүргүзүлүп, натыйжалуу жыйынтык чыгарылсын.
5. Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) шаардык суу канал ишканасына (Г.Бактыбаева), шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) жергиликтүү бюджеттин акча каражатын үнөмдөө максатында Нарын шаарындагы орто мектептердин баардыгына суу өлчөгүч (водомер) койдуруу жагы тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |