Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 4
Нарын шаардык Кеңешинин 27.03.2013-жылдагы №11-б буйругунун негизинде Нарын шаарындагы №18 «Ак-Дил» бала бакчасын сатып алуудагы Мыйзамдуулугун аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиянын билдирүүсү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин 12-март 2013-жылдагы IV сессиясында Нарын шаарындагы №18 «Ак Дил» бала-бакчасынын имаратынын коопсуздук абалы жөнүндө маселе каралып, сессиянын №8 токтому менен 2009-жылы «Ага-Хан» фондусу тарабынан сатылып алынган №18 «Ак Дил» бала бакчасынын имаратынын бүгүнкү күндөгү коопту абалын, ошол кездеги бала-бакчаны сатып алууга, ремонт иштерине чыгымдалган акча каражаттарын тактоо жана бала-бакчанын архитектуралык иш кагаздарын карап чыгуу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан, шаардык мэриянын кызматкерлеринен, архитектура башкармалыгынын ишке тиешелүү адистеринен турган комиссия түзүү жана комиссиянын билдирүүсү шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында билдирүү жагы тапшырылган.
Нарын шаарындагы №18 «Ак-Дил» бала бакчасын сатып алуудагы Мыйзамдуулугун аныктоо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 27.03.2013-жылдагы №11-б буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, комиссия баардык маселелер боюнча жеринде барып көрүп, тиешелүү иш кагаздары менен таанышып өз корутундусун чыгарышкан жана мыйзамдуу баа берүү үчүн Нарын шаардык прокуратурасына, МУККнын коррупцияга каршы кызматына, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуулар жөнөтүлгөн.
Нарын шаарындагы №18 «Ак-Дил» бала бакчасын сатып алуудагы Мыйзамдуулугун аныктоо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 27.03.2013-жылдагы №11-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын корутундусунун жана депутаттардын сунуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Нарын шаардык Кеңешинин 27.03.2013-жылдагы №11-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын кортундусу эске алынсын.
2. Комиссиянын кортундусунун негизинде шаардык прокуратурага шаардык Кеңештин жалпы депутаттарынын атынан №18 «Ак-Дил» бала бакчасын сатып алуудагы Мыйзамдуулугун аныктап берүү боюнча сунуш кат жиберилсин жана шаардык прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык толук аныктоо иштери жүргүзүлсүн.
3. Нарын шаарындагы «Ак-Дил» бала-бакчасынын сатып алууда мыйзам бузууларга катыштыгы бар айрым аткаруу органынын кызматкерлерине Мыйзам чегинде чара көрүү жагы Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.
4. Нарын шаарындагы №18 «Ак-Дил» бала бакчасынын имаратынын авариялык абалы бала-бакчада тарбияланып жаткан балдарга коопсуздук келтирээрин эске алуу менен бала-бакчаны тез аранын ичинде санитардык жана техникалык талаптарга жооп берген башка имаратка көчүрүү жагы шаардык мэрияга (Б.Жээналиев), (С.Эсенаманова) милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Турсуналиев |