Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 5
Нарын шаардык Кеңешинин 4-сессиясынын күн тартибиндеги айрым маселелер боюнча шаардык Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү
Нарын шаардык Кеңешинин 4-сессиясында Нарын шаарындагы муниципалдык бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди кабыл алууга карата конкурс өткөрүүдө, конкурстун ачык айкын болуусуна шарт түзүү максатында комиссиянын курамына Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан киргизүү жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Нарын шаардык Кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык мандаттары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына дал келбей, тактап айтканда кызматтык иши менен катар депутат болуп тургандыгын Мыйзам чегинде карап чечүү боюнча сунуштары шаардык Кеңештин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап, сессияга билдирүү берүү жагы тапшырылган.
Туруктуу комиссиянын депутаттары өз отурумунда жогорудагы маселелерге таандык Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын карап, тактоолорду жүргүзүшүп, тиешелүү жоопторун беришкен.
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык туруктуу комиссиянын депутаттары тарабынан жогорудагы маселелер боюнча тактоолор жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу туруктуу комиссиянын билдирүүсү эске алынсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |