Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 7
Нарын шаардык турак-жай башкармасынын финансылык абалы жөнүндө
Нарын шаардык турак жай башкармасы 2006-жылы Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинен бөлүнүп өз алдынча чарбалык мекеме болуп түзүлгөн. Мекемеде 2 адам эмгектенет. Негизги ишмердүүлүгү турак жай фондуларын менчиктештирүү, ал эми негизги киреше булагы турак-жай пайдаланып жаткан жашоочулардан алынуучу квартира акылары.Мекеменин балансасында 77 квартира бар. Квартира акылары 1 чарчы метрге 5 сомдон.
Шаардык турак жай башкармалыгынын финансылык абалы начарлап кеткендигине байланыштуу мекеменинин кредитордук карызы 1078,1 миң сом, мунун ичинен эмгек акыга 294,0 миң сом, соц фондко 705,5 миң сом, налогко 80,7 миң сом.
Квартира акылары үчүн дебитордук карызы 502,8 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө мекеменин балансасында 77 квартира бар, жалпы аянты 2563,3 чарчы метр. Нарын шаардык турак жай башкармалыгы шаардык Кеңешке жогорудагы кредитордук карыздарын төлөп берүү, мекеменини финансылык абалын оңдоо максатында, айрым жашоочулар тарабынан мыйзамсыз пайдаланып жаткан турак жай фондуларын сот органдарынын чечими аркылуу мыйзамдаштырып, аукцион аркылуу сатып, кредитордук карыздарды жабуу сунушу менен кайрылган.
Турак жай башкармалыгынын сунушу депутаттардын талкуусуна коюлуп, мекеменин финансылык абалын анализдеп чыгуу боюнча шаардык Кеңештин алдындагы тиешелүү туруктуу комиссия жана шаардык мэрия тарабынан комиссия түзүлүп, комиссиянын жыйынтыгынын негизинде шаардык мэрия тарабынан иш алып баруусу тапшырылды.
Нарын шаардык турак жай башкармалыгынын финансылык абалы жөнүндө депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык турак жай башкармалыгынын финансылык абалын анализдеп чыгуу, мекеменин кредитордук карыздарын төлөөнүн жолдорун табуу боюнча шаардык мэрия (Б.Жээналиев) тарабынан тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлсүн жана аткарылган иштер боюнча шаардык Кеңештин кезектеги июнь айында өтүүчү сессиясына маалымат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Турсуналиев |