Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 2
Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү», «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин уюштуруу документтерин жана токтомдорун Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында сессияда карап, депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болбогондуктан, канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча туруктуу комиссиясы сессияда депутаттар тарабынан айтылган сунуштарын эске алуу менен шаардык Кеңештин кийинки сессиясына сунуштоо жагы белгиленсин.
Төрага | Э.Турсуналиев |