Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 3/1
Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаарынын Мусурманкулов №8 дарегинде жайгашкан өндүрүштүк кооперативинин жер аянты экиге бөлүнүп, эки аянтка Нарын райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан мамлекеттик акт алынган. Өндүрүштүк кооператив көп жылдан бери иштебей тургандыктан, бош турган жер аянтына салык көп чыгып мекеме тарабынан жер салыгын төлөөгө мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу, жер аянтынын бир бөлүгүн мурунку район аралык соода базасынын короосундагы 8599,50 чарчы метр жер аянтын ушул кооперативде көп жылдан бери иштеп келген эмгеги сиңген кызматкерлерге, жумушчуларга турак жай курууга бөлүп берүү үчүн 15-август 2012-жылы өндүрүштүк кооперативдин жалпы чогулушу болуп, №2 токтому чыккан.
Шаардык Кеңешке өндүрүштүк кооперативдин жетекчиси К,Кенжетаев кооперативге тиешелүү 8599,50 чарчы метр жер аянтына Нарын шаарынын «Курулуш куру жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизип, ушул кооперативде көп жылдан бери иштеп келген шаар тургундарына турак жай салууга бөлүп берүү үчүн Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которуп берүү өтүнүчү менен кайрылган.
К.Кенжатевдин арызы нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп арыз ээси К.Кенжетаев жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын депутаттары тарабынан Нарын шаары турак жай курууга муниципалдык жер аянтына муктаж экендигин эске алуу менен эки турак үй курууга жер аянтын берүү боюнча макулдашуулар болгон.
Арыз ээси тарабынан жер аянтын турак жай зонасына которууга шаардык Кеңештин сессиясында кароо боюнча шаардык архитектура башкармалыгынын 05.07.2012-жылы №Н- 02/69, жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 05.07.2012-жылы №83- бүтүмдөрү даярдалган.
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын пртоколунун жана архитектура, жерге жайгаштыруу башкармалыктарынын бүтүмдөрүнүн негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бул маселе сессияга катышкан депутаттардын колдоосуна ээ болбогондуктан канаттандыруусуз калтырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |