Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 3/2
Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаарынын Опорный №13 үйүнүн жашоочусу Жакыпова Дамира Нарын шаарынын «Батыш» чөлкөмүнүн Ленин көчөсүнөн орун алган май куюуучу жайды «Кыргызмунайзат» мамлекеттик акционердик компаниясынын 03.04. 2003-жылы №52 Буйругунун негизинде сатып алган. Д.Жакыповага Нарын райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан 11.07.2005-жылы жер учасогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө №0047775 мамлекеттик акт берилген. Д.Жакыпова май куюуучу жайга тиешелүү 6700 чарчы метр жер аянтына жер салыгын төлөөдө кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирүү менен аталган май куюуучу жайдын жер аянтын турак жай зонасына которуп берүү арызы менен Нарын шаардык Кеңешине кайрылган.
Д. Жакыпованын арызы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп арыз ээси Жакыпова Дамира жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын депутаттары тарабынан Нарын шаары социалдык оьектилерди айрыкча бала-бакча курууга муниципалдык жер аянтына муктаж экендигин эске алуу менен Нарын шаарында бала-бакча курууга атайын түзүлгөн ген пландын негизинде жер аянтын берүү боюнча макулдашуулар болгон.
Нарын шаарынын «Батыш» чөлкөмүнөн орун алган Д.Жакыпованын жеке менчик май куюуучу жайына тиешелүү 6700 чарчы метр жер аянты турак жай зонасына которууда шаардык салык башкармалыгы жер салыгынын төлөмү боюнча справка, жерге жайгаштыруу жана архитектура башкармалыктары жер аянтын турак жай зонасына которууга карата 08.07.2013-жылы № бүтүмдөрүн беришкен. Д.Жакыпованын жеке менчик май куюуучу жайына тиешелүү 6700 чарчы метр жер аянты турак жай зонасына которууга карата жерге жайгаштыруу, архитектура башкармалыктарынын бүтүмүнүн жана туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бул маселе сессияга катышкан депутаттардын колдоосуна ээ болбогондуктан канаттандыруусуз калтырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |