Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 4
Нарын шаарынын 145 жылдыгына жана Турдуке баатыр менен Хан Карымшактын 200 жылдык мааракелерин өткөрүүдө, алардын айкелдерин орнотууга жер аянтын аныктап берүү жөнүндө
Нарын шаарынын 145 жылдыгына жана Турдуке баатыр менен Хан Карымшактын 200 жылдык мааракелерин өткөрүүдө, алардын айкелдерин орнотууга карата Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык архитектура башкармалыгынын сунуштарынын жана тиешелүү туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде сессияда карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 145 жылдыгына жана Турдуке баатыр менен хан Карымшактын 200 жылдык мааракелерин өткөрүүдө, алардын айкелдерин орнотууга жер аянтын аныктап берүү боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болбогондуктан, канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Жогорудагы инсандардын айкелдеринин эскиздерин даярдап, туруктуу комиссиялардын кароосуна сунуштоо жагы мааракени уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиясынын катчысы К.Бокоевге тапшырылсын.
3. Инсандардын айкелдеринин эскиздери жактырылгандан кийин бул маселени сессияга « Муниципалдык менчик, жер,турак жай коммуналдык тейлөө, архитектура- курулуш,отун-энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясы сунуштасын.
Төрага | Э.Турсуналиев |