Загрузка документа…
(Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 5
Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин ХХV чакырылыштагы V сессиясынын №3- токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун сессияда талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин ХХV чакырылыштагы V сессиясынын №3- токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Жобосу талкууланып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен 2-бөлүмдүн 8-бөлүмчөсүндөгү үч ирээт деген сөз, 2.2- бөлүмчөсүндөгү 1-3-5-обзацтардагы Нарын шаарынын социалдык- экономикалык өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошсо, эл чыгармачылыгында, адабиятта, искусстводо жана спортто аныкталган жетишкендиктерди камсыз кылса, шаардын мекемелеринин бирин 5 жылдан кем эмес жетектеп, шаардын экономикалык - социалдык маданий жактан өнүгүүсүнө салым кошкондор деген сүйлөмдөр толугу менен алынып салынсын. Андан кийинки обзацтар ирээти менен жазылсын.
2. Жобону Нарын облустук юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Реестрине киргизүү шаардык Кеңештин аппарат жетекчисине ( А.Абдыкеримов) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш,жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |