Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 6
Нарын шаарынын 2013-2017-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2013-2017- жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2013-2017- жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планы депутаттардын сунуштарын эске алуу менен бекитилсин.
2. Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын ишке ашыруу максатында шаардык мэрия (Б.Жээналиев) тарабынан ар жыл сайын аткарылуучу иштерге иш пландарды иштеп чыксын.
3. Жыл сайын түзүлгөн иш пландын негизинде социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планында аткарылуучу иштерди жүзөгө ашырууда Нарын шаардык мэриясы (Б. Жээналиев) Эл аралык уюмдар менен биргеликте долбоорлорду жазуу, инвестиция тартуу менен жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү менен алгылыктуу иштерди жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
4. Нарын шаарынын 2013-2017- жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын Нарын облустук «Теңир-Тоо» коомдук саясий гезитине жарыялоо шаардык мэрияга (Б.Жээналиев), ал эми ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирне киргизүү Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |