Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 7
Айрым облустук мекемелерге штаттык бирдик ачууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаарында 2012-жылдын май айынан баштап жеке ишкердүүлүк менен алектенгендерди каттоо «Бирдиктүү терезе» принциби менен жүргүзүлүп келе жатат. 2012-жылдын 1-январында облустук статистика башкармасынын штаттык бирдиктери 20 пайызга кыскаргандыктан, башкармалыктын 1 адиси ал жерде отуруп, дайыма иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын көрсөтүү менен «Бирдиктүү терезе» принцибине 0,5 штаттык бирдик сурап Нарын шаардык мэриясы 15-май 2013-жылы №03/636 каты менен кайрылган.
Ушундай эле маанидеги кат менен Нарын аймактык транспорт каражаттарды жана айдоо курамын каттоо-сыноо бөлүмүнүн башчысы Б.Б.Абдылдаев бир штаттык бирдик сурап кайрылган.
Жогорудагы маселелер 2013-жылы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк , инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып көрсөтүлгөн мекемелерге штаттык бирдиктерди чечип берүү жагын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталган.
Сессияда булл мекемелер облустук мекеме болгондуктан жана Республикалык бюджеттен каржылангандыктан, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык, экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын дээрлик көпчүлүк жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн каршы пикирине, «Бюджеттик укуктук негизги принциптери»,»Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык, экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык Нарын облустук статистика башкармасына 0,5 штаттык бирдикти, Нарын аймактык транспорт каражаттарды жана айдоо курамын каттоо-сыноо бөлүмүнө 1 (бир) штаттык бирдикти ачууга макулдук берилбесин.
Төрага | Э.Турсуналиев |