Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 8
Нарын шаардык турак жай башкармасынын балансында турган айрым турак жайларды сатууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык турак-жай башкармалыгынын финансылык абалы жылдан, жылга начарлап, 2013-жылдын 1-июлуна карата мекеменин кридитордук карызы 1мле. 86 миң сом, социалдык фондко 706,0 миң сом карыз. Мекеменин негизги каржы булагы квартира акыларынан чогулткандыктан, мурунку жылдардан берки турак жай башкармасынын балансында турган 77 коммуналдык турак жайларда негизинен 1-2-3 топтогу майыптар, жалгыз бой энелер, эч жерде иштебеген жарандар, пенсионерлер, социалдык жактан муктаж болгон жана төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдар жашайт. Бирок, айрым адамдар муниципалдык турак жайларды мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Нарын шаардык турак жай башкармасынын башчысы С.Орозобековдун билдирүүсүн шаардык Кеңештин депутаттарынын талкуулосунан кийин шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык турак жай башкармасынын финансылык абалын жакшыртуу, дебитордук карыздарын жоюу максатында мыйзамсыз ээлеп алып, жашап жаткан айрым коммуналдык турак жайларды аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Нарын шаардык турак жай башкармасынын балансында турган коммуналдык турак жайларды аукцион аркылуу сатууну мыйзам чегинде жүргүзүү Нарын шаардык турак жай башкармасынын начальниги С.Орозобековго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Турсуналиев |