Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 1
Нарын шаардык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде
кабыл алуу жана жарыялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-февраль 2013-жылдагы №30 редакциясындагы өзгөртүү, толуктоолорго жана Нарын шаардык статистика бөлүмүнүн 2013-жылга карата берген маалыматына ылайык Нарын шаарында жашаган 36495 жалпы калктын 35967си же 98,5 пайызы кыргыз улутундагы жарандар болгондуктан «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-26-28-29-беренелерин жетекчилике алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-февраль 2013-жылдагы №30 редакциясындагы өзгөртүү, толуктоолорго жана Нарын шаардык статистика бөлүмүнүн 2013-жылга карата берген маалыматына ылайык Нарын шаарында жашап жаткан жалпы калктын 98,5 пайызы кыргыз улутундагы жарандар болгондуктан Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорунун долбоорлору мамлекеттик тилде даярдалсын.
2. Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында депутаттардын колдоосуна ээ болгон токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын жана кабыл алынган токтомдорду расмий жарыялоо, ченемдик укуктук актылардын реестирине киргизүү мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |